Мамлекеттик каттоо кызматы “коррупцияны 4 кадам менен жеңебиз” деп ниеттенүүдө

КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) коррупцияга каршы планды ишке ашыруу максатында 4 кадамды сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүүнүн системи төмөнкү 4 кадамдардан турат:

1)    Жалпы мүлк каттоо жана МККга караштуу бардык ченемдик-укук актыларды коррупцияга каршы экспертизадан өткөзүү;

2)    “ЖААК - Келечек” автоматикалык маалымат системин орнотуу. Аталган систем жарандык ал-абалдын актыларын каттоолорун эсептөө жана көзөмөлдөөсүн жүргүзөт жана тиешелүү пин-кодду энчилейт;

3)    КРнын калкын каттоочу мамлекеттик тизмени түзүү жана орнотуу;

4)    Биометриялык технология колдонулган жаңы муундагы документтерди жайгаштыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан