Катуу жааган кардын кесепетинен Сузактагы эки айылга байланыш үзүлдү

1-3-февраль күндөрү катуу жааган кардын кесепетинен Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын ички чарбалык жолунун автоунаа каттамы жабылып калган. Ошондой эле аталган райондогу Орток айылына баруучу унаа жолдун автоунаа каттамы да жабылган. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол каттамы жөө жана ат менен жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, 148 түтүн жашаган Кызыл-Кыя айылында 1 медициналык пункт, 2 мектеп бар жана алардын иши үзгүлтүккө учураган эмес. 169 түтүн жашаган Орток айылында да мектеп жана медициналык пункт ишин токтоткон жок.

Учурда ӨКМнын кызматкерлери тарабынан карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан