Алмазбек Атамбаев Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичсти кабыл алды

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Латвия Республикасынын Тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу байланышты өнүктүрүүнүн багыттары жана Кыргыз Республикасынын Европалык биримдиги менен кызматташуу маселелери талкууга алынды. 

Ошондой эле КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүүлөрдө билим берүү, саламаттыкты сактоо жана аба жолдору маселелерин талкуулады.

Мындан сырткары Эдгарс Ринкевичс Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана экономика министри Темир Сариев менен жолугушары пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан