Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Сарууда жолду бууган эл менен жолугушат

Ички иштер министрлигинин жана Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери, облустук бийлик өкүлдөрү Саруу айылынын тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу 6-февралда Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 

Анын айтымында, укук коргоо органдары жана эл өкүлдөрү митингчилер менен жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле коңшу айылдар саруулуктардын кадамдарына нааразы болуп, жолду ачуу талабын айтып жатышканын кошумчалады.

Эске салсак, 2-февралда саат 15:30дар чамасында милиция кызматкерлери Саруудан 17 баланы кармап кетишкен. Алардын 16cы бошотулуп, Сарыбаев Айбек бошотулган эмес. Мындан улам айыл тургундары Айбек Сарыбаевди бошотуу талабын коюп, Каракол – Балыкчы унаа жолун бууп коюшкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан