Бишкек шаарында 2004-жылы туулган Мээрим Бабаева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга анын апасы арыз менен кайрылып, кызын табууга жардам сурады.
Алдын ала маалымат боюнча, Бабаева Кудайберген турак жай массивинин №5 көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен. Ошондон бери анын жүргөн жери белгисиз болууда.
Белгилери: бою болжол менен 165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы ачык түстө, көзү күрөң.
Бул жаран тууралуу маалыматы барлар 0700 860 909, 0707 143 471 же 102 номурларына кайрылышса болот.