Бүгүн, 6-февралда КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) отурумунда Жогорку Кеңеште "Ата Журт" фракциясынан мурдагы депутат Нурлан Сулаймановдун мандаты Ажыбай Калмаматовго берилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Эскерте салсак, 31-январда Нурлан Сулайманов Жогорку Кеңештин 30дан ашуун сессиясына катышпаганы аныкталып, депутаттык мандатынан ажыратылган.