Парламентте "Кумтөр" маселеси талкууланып жатат. “Кумтөр” боюнча биз добуш бергени жаткан токтом долбооруна бардык фракциялар макул эмес, анан кантип “макулдашуу комиссиясы иштеп чыккан токтом” деп жатабыз?”- деди депутат Улукбек Кочкоров. Төрага Асылбек Жээнбеков макулдашуу комиссиясы бир жыйынтыкка келе албаганын айтты.
“Ушул токтом долбоору добушка коюлат. Өтсө өттү, өтпөсө макулдашуу комиссиясы башка токтом долбоорун иштеп чыгат. Макулдашуу комиссиясы ушундай жыйынтыкка келдик”,- деди төрага.