Бүгүн, 23-ноябрда Бишкекте изделип жаткан 22 жаштагы Мээрим Бабаева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.
Белгилей кетсек, милицияга анын апасы арыз менен кайрылып, кызын табууга жардам сураган. Жыйынтыгында кыз аман-эсен табылды.