"Кумтөр" боюнча өкмөттүн жаңы келишимине КСДПдан башка фракциялар каршы
Парламентте "Кумтөр" боюнча өкмөттүн жаңы келишими кызуу талаш жаратууда. Макулдашуу комиссиясы бир жыйынтыкка келе алган жок, ар бир фракциянын позициясы камтылган токтом долбоору добушка коюлганы жатат. Айта кетсек, өкмөттүн жаңы келишимине КСДП фракциясы гана макул. "Ар-намыс", "Ата Мекен", "Ата Журт" жана "Республика" фракциясы каршы.