Эркин Алымбеков: "Мен кийинки аптада төраганы алмаштыруу боюнча маселе көтөрөм"
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Эркин Алымбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Депутат Алымбеков: "Төрага "Кумтөр" маселесин чечүүдө каякка тартып жатканын көрүп жатабыз. Бурмалап жатат. Ушундай төрага кыргыз парламентине керекпи? Кийинки аптада мен төраганы алмаштыруу боюнча маселени күн тартибине киргизем",- деди. Депутат бул сөздөрдү айтып бүткүчө бир нече жолу микрофону өчүрүлдү.