Акыркы күндөрү Бишкек шаарында абанын температурасы -25°C чейин жетти. Мындан улам шаар тургундары электр энергиясын белгиленген чектен ашыкча колдонуп жатышат. Авариялык өчүрүүлөр да көп болууда. Мындай көрүнүш шаардын борбордук көчөлөрүндө жашаган тургундарга көп деле кыйынчылык жаратпайт. Бул учурда жаңы конуш жашоочулары көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушууда. Суу алып келүү үчүн кезекке туруу, электр жарыгын үнөмдөө максатында от жагуу. Айтор, айтсаң бир катар түйшүк бар. Ак-Жар жаңы конушунун мисалында “Кычыраган суукта жаңы конуш кантти экен?” деген суроого жооп издеп көрмөкчүбүз.