Ысык-Көл. Тосулган жол ачылбаса, коңшу айылдар Саруунун жолун бууп, тургундарды айылдан чыгарбашын айтышууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары жол ачылбаса, саруулуктардын жолун тосуп, курчайбыз дешүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Дархан жана Кызыл-Суу айылдарынын жашоочулары саруулуктардын жол тосконуна нааразылыгын айтып чыгышкан. Бир нече күндөн бери жолду жаап тургандарды курчап, өздөрү жашаган айыл тараптан Саруу айылын бууп, тургундарды чыгарбай тургандыгын айтышкан. 

Бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары жол тоскондор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени мыйзам чегинде чечүү керектигин түшүндүрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан