Дастан Бекешев: "Кумтөр" боюнча өкмөткө 3 ай берилди. Өкмөттүн олуттуу жетишкендик жаратып жиберишине ишенбейм"

"Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандум сунуш-пикирлер менен өттү, бирок мен каршы добуш бердим",- деп билдирди SUPER.KG порталына депутат Дастан Бекешев. Айтымында, өкмөт келишимди азыркыдан жакшыртып жибериши күмөн. 
"Сунуштар айтылып, дагы 3 ай берилди. Биз убакыттан уттуруп жатабыз, 3 айдан кийин деле өкмөт олуттуу жетишкендик жаратып жиберет деп айта албайм",- деди депутат.
Эскерте кетсек, парламент бүгүн, 6-февралда "Кумтөр" боюнча токтом кабыл алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан