Өкмөт жооп берет: Көп жыл мурун атам берген жер тилкесин таппай келгенбиз. Азыр аны таап, документтештирип алсак болобу?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Биздин үй-бүлөгө тиешелүү 36 сотых үлүш жерибиз бар. Жер көп жыл мурун иштеткенге берилген, бирок толук документтештирилген эмес экен. Жердин кандай, эмне, каерде экенин атам эле билген. Ал каза болуп калып, жердин дайынын таппай жатабыз. Биздин айылдын башчысы ошол жерди иштетип, акчасын алат деп уктук. Ага кайрылсак, ар кандай шылтоону айтып жерди көрсөтпөй жатат. Угушубузча, аянтка унаа сатчу базар курулат экен. Биз жерди таап, толук документтештирип, анан сатканга укугубуз барбы? Суроо калтырган

Жооп: - Үлүш жериңердин документтерин жана кимдин наамында экенин тактагыңыз келсе, өзүңөрдүн жашаган жериңердеги аймактык каттоо органдарына (госрегистр) жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып көрүңүз. Аларда жер бөлүнүп бергенден баштап ар бир жер үлүшүнүн аянты жана кимдин атына бекитилип берилгени боюнча толук маалыматтар бар.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 6-беренесине ылайык, жер тилкеси жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объекти болуп саналат жана сатып алуу-сатуу, белекке берүү, алмаштыруу, ипотека, дагы башка бүтүмдөрдү жасай алат, ошондой эле ушул кодексте белгиленген чектөөлөр менен өзүнөн-өзү укук мураскорлугу катары өтөт.

Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан