Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы жолун тосушкандыктан, кош бойлуу аялдар төрөт үйлөргө кечигип барып жапа чегишүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-февралда Тосор айылынын 27 жаштагы кош бойлуу айымы Миржана Кабылбекова кош бойлуулуктун оор өтүүсү менен Каракол шаарындагы облустук төрөт үйгө келди. Ага “оор преэклампсия” (жогору артериалдык кан басымы, маанилүү органдардын функцияларынын бузулуусу) диагнозу коюлду. Айым жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдирет ОИИББ.
Төрөт үйдүн кызматкерлеринин айтымында, жол тосулгандыктан, кош бойлуу Миржана Кабылбекова Саруу айылын аралап жөө келүүгө мажбур болуп, 10 саат убакыт жоготуптур. “Биз үчүн ар бир мүнөт өтө маанилүү. Жол тосуулар тез жардам берүү кызматкерлерине тоскоолдуктарды түзүп жатышат”,- деп жазылат маалыматта.