Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 6-февралда Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту.
Тараптар Евробирлик – Кыргызстан алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Асия Сасыкбаева министр Э.Ринкевичстин Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары кыргыз-латыш мамилелерин эки тараптуу да, көп тараптуу да алкакта жандануусуна өбөлгө түзөрүнө ишеним артарын билдирди. "Кыргызстан парламенттик башкаруу таризин тандап алгандыктан, Латвиянын бул багыттагы тажрыйбасы биз үчүн кызыктуу",- деди ал.
Э.Ринкевичс “Биз парламенттик демократияны курууда Кыргызстандын тандоосун жогору баалайбыз жана шайлоо, сот тутумдарын, билим берүү тармагын өркүндөтүү маселелеринде тыгыз кызматташууга даярбыз”,- деп билдирди.
Тараптар парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү жана парламенттик достук топтордун өз ара аракеттенишүүсүн бекемдөө зарылдыгын белгилешти.