Кардын көптүгүнөн Сузактагы эки айыл менен байланыш үзүлдү

Кардын көптүгүнөн Сузактагы эки айыл менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-февралынан 3-февралына чейин катуу жааган кардын кесепетинен Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы Кызыл-Кыя айылынына барчу унаа жолу жабылып калган. Ал жакта 148 кожолук жашайт. Ошондой эле Сузак районуна караштуу Орток айылына баруучу унаа жолу да жабылган. Учурда жогорудагы эки айылда электр энергиясы бар, уюлдук байланыш иштеп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан