Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 6-февралда “КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыктын тексти төмөндө:
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24-мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системин реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы №4-чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Куралдуу күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун борбордук органы жана оперативдүү башкаруунун башкы органы катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Алымкожоев Асанбек Туңгучпаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуларына дайындоо үчүн талапкерлерди киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын сунуштарын эске алуу менен:
1) Ушул жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечсин;
2) Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
6. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет”.