Эсенгул Исаков: “Депутаттар дайыма курч маселеге добуш берерде атайлап жыйындан кетип калышат”

Парламентте 6-февралда “Кумтөр” маселесине добуш берүү алдында депутат Эсенгул Исаков айрым депутаттар жоопкерчиликтен качып жатканын айтып чыкты. “Эртең менен жыйында отурган депутаттардын айрымдары азыр жок. Дайыма ушундай, жоопкерчиликтен качып, олуттуу маселеге добуш берерде атайлап жыйындан кетип калышат. Маселе жакшы жагына чечилсе, эртеси “мен макул болчумун” деп чыгышат. Эгер начар чечим кабыл алынса, “мен каршы добуш бермекмин” дешет. Уят да, депутат өзүнө жоопкерчилик алышы керек”,- деди Исаков.

Айта кетсек, Эсенгул Исаков “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго “макул” деп добуш берди. Ал эми жыйында отурган “ата журтчу” депутаттар Жылдыз Жолдошова менен Бакыт Шаршеев добуш беришкен жок.

   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан