“Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө шашылбайт” деди Жоомарт Оторбаев

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө шашылбайт. Муну 7-февралда КСДП фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, биримдикке кирерден мурун чечип алчу бир катар маселелер бар.

“Маселе бир нече жылдан бери талкууланып келе жатат. "Жол картасы" иштелип чыгып, былтыр президенттер тарабынан талкууга алынды. Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кирерибизди айтып жатабыз. Чек араларды бекемдөө, өлкөдөгү ири базарлардын тагдыры сыяктуу чечилбеген иштер бар”,- деди Оторбаев.

Жоомарт Оторбаевдин пикиринде, бул маселени референдумга алып чыгууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан