Нурсултан Назарбаев “Казакстан” дегенди “Қазақ елі” деп өзгөртүүнү сунуштоодо

6-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Атырау облусунун тургундары менен жолугушууда өз өлкөсүнүн аталышын “Қазақ елі” деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жарыялашты.

“Биздин өлкөнүн аталышында башка Борбор Азиядагы мамлекеттердикиндей “стан” мүчөсү бар. Чет өлкөлүктөр көбүнчө 2 миллиондой калкы бар Монголия мамлекетине кызыгып жатышат. Белгилеп кетсем, ал өлкөнүн атында “стан” мүчөсү жок. Менимче, “Қазақ елі” аталышка өзгөртүү маселесин бир нече убактан кийин караштырыш керек. Азыркы учурда сөзсүз түрдө эл арасында талкуу жүргүзүү зарыл”,- дейт Назарбаев.

Маалыматка ылайык, Казакстандын коомчулугу көптөн бери өлкөнүн аталышын өзгөртүү маселесин көтөрүп келе жатышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан