Курмантай Абдиев: “Садыр Жапаров демилге көтөрүп чыкканда эле “Кумтөр” келишимин денонсациялап салыш керек болчу”

Садыр Жапаров (экс-депутат) жетектеген депутаттык комиссия демилге көтөрүп чыкканда эле “Кумтөр” келишимин денонсациялап салыш керек болчу. Муну бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына депутат Курмантай Абдиев билдирди. Айтымында, “Ата Журт” фракциясы башынан эле келишимди денонсациялоону колдойт.

“Депутаттык комиссиянын иши каралып жатканда Садыр Жапаровго “келишимди денонсациялап салалы” деп айтсам, ал болбой койду “улутташтырышыбыз керек, иштетип кете турган кыргыздын мыкты кадрлары бар” деп. Ошондо депутаттар денонсациялоого даяр болчу. Эми минтип улутташтыруу эмес, денонсацияга да жетише албай жатабыз. Өкмөткө 3 ай мөөнөт берилди, эмне жыйынтык чыгарат, убакыт көрсөтөт”,- деди депутат.

Айта кетсек, К.Абдиев “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго “каршы” деп добуш берди. Бул кадамын депутат “кыргыз элинин байлыгы кыргыздар үчүн гана иштетилиши керек” деп түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан