"Ата Журт" фракциясынын депутаттары 6-февралда "Кумтөр" маселесине эркин добуш беришти. Муну бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына депутат Курмантай Абдиев билдирди. Айтымында, фракция мүчөлөрү ушундай чечимге келишкен.
"Фракциянын чогулушунда ушундай сураныч болду. Депутаттар өздөрү каалагандай добуш беришти, көпчүлүгү өкмөттүн сунушуна каршы экенин көрсөтүштү. Парламенттин табияты ушундай экен, көпчүлүк добуш менен комитеттин чечими өтүп кетти",- деди Абдиев.
Депутат "Кумтөр" боюнча үлүштүн 50 пайыздан ашпай калышына бийлик жетекчилиги күнөөлүү экенин кошумчалады. "Башында эле интервью беришип, "биздин үлүш 50 пайыздан ашпайт" деп салышкан. Жыйынтыгы ошондой болду",- деди ал.