Айнуру Алтыбаева: “Центерра” 22 жылда бузуп бүткөн экологияны кыргыздар өзүбүздүн акчабызга оңдогону жатабыз"

“Центерра” 22 жылдан бери бузуп бүткөн экологияны кыргыздар өзүбүздүн акчабызга оңдогону жатабыз”,- деп билдирди бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына депутат Айнуру Алтыбаева. Айтымында, үлүштүн 50х50 пайыздан бөлүнүшү менен Кыргызстан уттуруп жатат. 
“Кумтөр” боюнча 2 комиссияда иштеп, ал жактагы кырдаалды жакшы билгеним үчүн өкмөттүн меморандумуна каршы добуш бердим. Бул меморандумдун мурункудан көп деле айырмасы жок. Экологиялык жана экономикалык маселелер чечилген эмес. Үлүш 50х50 пайыздан бөлүнө турган соң “Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жайды тазалоого опол тоодой акча жумшашыбыз керек. Экономикалык тармакты анализдеп көрүп, өкмөттүн сунушун колдобоону туура көрдүм”,- деди депутат.
 Айта кетсек, “Кумтөр” боюнча өкмөттүн сунушуна “Ар-намыс” фракциясынан 2 депутат каршы добуш берди. Алар: Айнуру Алтыбаева жана Дастан Бекешев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан