Токон Мамытов: “Өкмөт саруулуктардын талабын аткара албайт”

“Саруу айылындагы тургундардын талабын өкмөт аткара албайт, ал соттун иши”,- деп билдирди журналисттерге бүгүн, 7-февралда вице-премьер-министр Токон Мамытов. Айтымында, Жети-Өгүздөгү кырдаал боюнча өкмөт ички иштер министринин маалыматын укту. “Мен өзүм да 2 күн мурун Ысык-Көл болуп, жергиликтүү бийлик, нааразы тарап менен жолугушуу жүргүздүм. Тургундар өкмөттүн милдетине кирбей турган талаптарды коюшууда. Кармалган саруулук балдарды бошотуу өкмөттүн иши эмес да”,- деди Мамытов. 
Вице-премьер-министр тосулган Балыкчы – Каракол унаа жолу жакын арада ачыла турганын Ысык-Көл ОИИББинин жетекчиси билдиргенин айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан