Бишкекте саясий ачкачылыктын курмандыгы Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 7-февралда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин имаратында белгилүү укук коргоочу Шералы Назаркуловдун элесине арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. 
Ага Назаркуловдун жакындары жана коомдук ишмерлер катышты. Мындан сырткары акыйкатчы Бакыт Аманбаев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров келип, жалпысынан 30га чукул адам чогулду. Катышуучулар куран окуп, мемориалдык тактасына гүлчамбар коюлду. Ошондой эле маркумдун акаевдик режимдин курмандыгы болгону айтылды. 
Шералы Назаркулов көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында саясий ачкачылыктын биринчи курмандыгы болгон. Ал Үзөңгү-Кууш жеринин коңшу Кытай мамлекетине берилишине каршы чыгып, 22 күндүк саясий ачкачылыктын айынан 2002-жылдын 7-февралында көз жумган.

Эскерүү кечеси Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан