Жогорку Кеңеште 6-февралда быйылкы жылдын эсебинен алгачкы жолу депутат айымдардын форуму өттү. Жолугушууга парламенттеги 5 фракциядан 18 айым депутат катышты.
Жыйынга форумдун координациялык кеңешинин лидери, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Гүласал Садырбаева модераторлук кылып, анда 2014-жылга карата иш-чаралардын планы, Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын жергиликтүү кеңештер менен иштөөсүн активдештирүү маселелери талкууланды. Аталган форум 2011-жылдын апрель айынан бери иштейт, жыйындарда айым депутаттар өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүн талкуулашат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште 27 айым депутат бар.