Алмазбек Атамбаев Сочиге жөнөп кетти

Бүгүн, 7-февралда президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Сочи шаарына жөнөп кетти. Жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы Сочи шаарында XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышмакчы.

Ошондой эле Атамбаев 2014-жылдын 8-февралында президент Владимир Путин менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, кыргыз-орусиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоо болжолдонууда.

"11-февралда Москва шаарында Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландалууда",- деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан