Маданият министрлиги: 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча “Супер-Инфо” "Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит" деп табылды

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылы өлкөдө басылып чыккан гезиттердин нускасы боюнча талдоо жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

“Учкун”, “ММКны колдоо борбору” жана “Рубикон” басмаканаларынын маалыматына ылайык, республика боюнча көп окулган 200 гезиттин ичинен 25 басылма популярдуу деп тандалган.

Натыйжада айына орто эсеп менен 99 миң нускада басылып чыккан “Супер-Инфо” 2013-жылы "Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит" деп аталды. Кыргыз тилдүү маалыматтык-маанайшат басылмалардын арасында алдынкы орунда келип, көп сандары 120 миңден ашкан. 

Орус тилдүү “Вечерний Бишкек” аналитика-жарнамалык гезити 51 миң нуска болсо, жума күнү 38 миң, күн сайын 13 миң даана чыгып турган. 

Укуктук «Дело №...» гезити 16 миң, ал эми адистештирилген унаа жана унаа тетиктери тууралуу жарнамалык “Автогид” 9 миң нусканы багынткан. 

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында чыккан “Кут билим” гезити 8 миң нуска менен мекемелерге тиешелүү басылмалардын алдынкы сабынан орун алган. Орусиялык «Аргументы и факты - Кыргызстан» гезити 5 миң даана чыгып турган.

Медиарынокто акысыз таратылган айрым гезиттер 100 миң нуска менен чыкса да, мыкты 25 гезиттин ичине киргизилген эмес. Эл арасындагы сүймөнчүлүккө ээ болгон ден соолук тууралуу басылмалар, баш катырма, сканворддор айына 2 жолу чыккандыктан, тизмеге кирген эмес. Анализ жүргүзүүдө негизги талап гезиттин жума сайын чыгып турушу болгон.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан