Ош. Жапалак аймактык башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыяланды

Бүгүн, 7-февралда Ош шаардык мэриянын имаратында 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн коллегиялык жыйын өтүп жатат. Анда 2013-жылда Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камсыз кылуудагы жетишсиз иш-аракеттери, токтоп турган өнөр жай ишканаларын иштетүүнүн зарыл чараларын камсыз кыла албагандыгы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолдору боюнча тапшырмаларын аткарууну үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн Жапалак аймактык башкармалыгынын башчысы А.Исмаиловго сөгүш жарыяланды. Ал эми КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Бакировго эскертүү берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан