Ош гуманитардык педагогикалык институтунун жатаканасы жаңы эмеректер менен толукталып, ар бир студенттин керебети жаңыланып, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Учурда 600 студент жатаканада жашайт.
"Алыскы аймактардан келген студенттерибизге колдоо көрсөтүп, кыш мезгилинде жылуулук камын көрүп жатабыз. Бул окуу жайдын жетекчилигинин, биздин милдетибиз деп эсептейм",- деди институттун ректору Бекмурза Зулуев.