2013-жылы Кыргызстандагы ажырашуулар 50 пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов мекеменин 2013-жыл боюнча жыйынтык чыгарган коллегиялык отурумунда маалымдады.
“Өткөн жылы 5 500 түгөй ажырашкан. Бул 2012-жылга салыштырмалуу эки эсеге аз. Мындан сырткары 35 миң түгөй каттоодон өткөн. Бул үй-бүлө түзүүгө жана бейпилдикке болгон жакшы чакырыктын белгиси”,- деди министр.