2013-жылы 377,3 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, жолдун 113,7 чакырымына асфальт төшөлгөн болсо, 166,5 чакырымына шагыл төгүлүп, бекемделген. Ошондой эле 265,5 миң чарчы метр жолдордогу аң-чуңкурлар жамалган. 6 даана жаңы көпүрө бүткөрүлүп, ишке берилген.
Айта кетсек, бүгүн, 7-февралда КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинде коллегиялык жыйын өтүүдө. Анда министрликтин 2013-жылдагы жыйынтыктары жана 2014-жылда аткара турган иштери талкууланып жатат.