Соцфонд: Интернеттеги пенсияны эсептегич болжолдуу гана көлөмдү чыгара алат

КРнын пенсияга байланыштуу мыйзамдары татаал жана ар бир ыңгайга өзгөчө эсептөө зарыл болгондуктан, интернеттин pensia.kg сайтындагы эсептегич болжолдуу гана көлөмдү чыгара алат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Социалдык фонддун басма сөз кызматы жарыялады.

“Ошондуктан Социалдык фонд жарандарды эсептегич аркылуу чыккан пенсиянын көлөмүнө сөзмө-сөз ишенбөөгө чакырат. Эсептегич мындан улам дагы иштелет жана мыктыланат”,- деп билдиришти аталган кызматтан.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда маалымат жыйынында “Жыйынтык” коомдук уюмунун башчысы Жылдыз Төралиева “Кыргызстандын жарандары өз пенсиясынын болжолдуу көлөмү жөнүндө маалыматты интернет аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү” деп маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан