2014-жылдын 6-февралында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.
Мыйзамда жалпыга белгилүү товардык белги түшүнүгү киргизилет, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону камсыз кылган жоболор жөнгө салынат.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.