Кыргызстанда 64 аба кемеси бар. Алардын 32си учууга жарактуу, калганы учууга жараксыз. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Ошондой эле кыргыз авиакомпаниялары тарабынан 2013-жылда 1 миллион 160 миң жүргүнчү ташылган. Эл аралык каттамдарда 837 миң, ал эми ички каттамдарда 323 миң жүргүнчү ташылган. 2012-жылга караганда 40,9 пайызга өсүш байкалган. Почта ташуунун көлөмү 3,8 пайызга, жүк ташуу 12,3 пайызга төмөндөгөн.