Бүгүн, 7-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) кирүү маселеси каралды. Анда Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов биримдикке кирүүдөгү "жол картасын" каржылоо маселеси да курч турганын эске салды. "Кыргызстандын тышкы чеги бүткүл Бажы биримдигинин тышкы чегине айланат. Ошондон улам бажы постторун бекемдеп, заманбап өткөрүү жайларын курууга туура келет. Бирок биздин чамабыз чакталуу, жок дегенде 400 миллион сомдун каржы булагы азыртадан так аныкталууга тийиш", - деди ал.
Талкуу жүрүшүндө фракция мүчөлөрү баалар менен кунсуздануунун өсүшү, жергиликтүү өнүмдөрдүн атаандаштыкка жарамдуулугу, улуттук мыйзам базаларын чыңдоо чаралары сындуу бир катар ББга байланыштуу суроолоруна жооп алды. Ошону менен бирге бул багытта жигердүү иш алып баруу менен калкка анын терс жана оң жактары тууралуу так маалымат берүү зарылдыгы белгиленди.