Бүгүн, 7-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) кирүү маселеси каралды. Анда экономика министринин орун басары
Данил Ибраев ББга кирүү менен экспорт жана реэкспорт көлөмү азая
турганын билдирди.
"Демек, биз ири базарларыбыздын келечек тагдырын да ойлошубуз
керек. Эгер жалпы экспорт агымы жапырт буулса, ал экономикалык эле эмес,
социалдык мүнөзгө ээ болору бышык. Эмгек мигранттарынын укуктары да эске
алынуусу зарыл",- деди ал.
Жыйында Экономика министрлигинин Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу жүрүмүнүн учурдагы абалы
тууралуу маалыматы эске алынды. Маселе ББга кошулуунун "жол картасы" толук иштелип чыккандан кийин кайра талкууга коюлат.