“ИИМ академиясы тендерлерди коррупция жолу менен өткөрөт жана курсанттарга чириген кактардан компот жасап берет” деп күнөөлөгөн окуу жайдын кызматкери Афтандил Кадыркулов сотко келбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда академиянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 8-январында ИИМ академиясы ишкердик беделди коргоо боюнча доо арызды Свердлов сотуна берген. Азыркы учурга чейин эки сот отуруму өткөрүлгөн, бирок экөөнө тең полковник Афтандил Кадыркулов келбей койгон.
Мындан сырткары мыйзамсыз жашап келген окуу жайдын жатаканасында көрүнбөй калган.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 8-январында ИИМ академиясынын сырттан окуу боюнча факультетинин башчысы, полковник Афтандил Кадыркулов окуу жайдын тамак-аш тармагындагы коррупциялык фактылары менен маалымат жыйында бөлүшкөн. Анда азык-түлүктөр ашыра көтөрүлгөн баа менен сатылып алынгандыгын жарыялаган.