2014-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары “кара тизмеден” чыгып калышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү бүгүн, 7-февралда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов билдирди.
“Кара тизмеден” чыгуу үчүн чаралар көрүлүп жатат. Эл аралык жарандык авиация уюмуна кат жөнөткөнбүз. 2014-жылдын август айында комиссия келет. Алар 2009-жылы берген сын-пикирлерин карап чыгышат. Ошонун негизинде быйыл “кара тизмеден” чыгабыз го деп үмүттөнүп жатабыз”,- деди министр.