Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарындагы Б.Алымов атындагы №39-орто мектептин окуучулары, алардын ата-энелери, мектеп мугалимдери менен жолугушту. Депутат мектепке 8 компьютер жабдуусун тартуулады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Депутат чогулган балдарга кайрылып, англис философу Фрэнсис Бэкондун сөзүн эске салып:"Билим – зор күч, жаңы билим менен кошо чоң күчкө ээ болосуңар. Байлык менен кызмат – колдун кири. Акчаны уурдатасың же коротосуң. Кызматтан түшүп калышың мүмкүн, ал эми билимди эч ким тартып ала албайт, ал силерге ар дайым кызмат кылат",- деди.
Эл өкүлү мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди. “Менин бардык мугалимдерим эсте турат. Балдар, силер дагы өз мугалимдериңерди унутпай, алардын берген билими менен тарбиясын алгыла”, - деди Бекешов.
Мектептин директору Мавлюда Халикова мектепке гимназия статусун алуу пландаштырылып жатканын айтты. Ал эми депутат тарабынан тартууланган техникалык жабдуулар жаңы компьютердик классты жабдууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.