7-февралда Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов, Н.Орозалиев, А.Акпаралиев жана А.Турабаев атындагы орто мектептердин 10-11-класстарынын окуучулары менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол “Өспүрүмдөр кылмыштуулукка каршы” деген ураандын астында өткөнүн Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын максаты - окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, жаштардын аң-сезимин жогорулатуу, өспүрүмдөрдү милициянын катарына тартуу жана спортко шыктандыруу. Тегерек столго 4 мектептен 120дай окуучу, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, орто мектептин директорлору, мугалимдер жана башкалар катышты.
“Жалал-Абад облусундагы башка мектептерде да “Мекеним менин - Кыргызстан!” аттуу программанын алкагында иш-чаралар өткөрүлүп жатат”,- деп билдирет ОИИББ.