Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев кызматынан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев кызматынан бошотулду. Буйрукка 7-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Башка буйруктун негизинде Элдияр Убалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Эскерте кетсек, аталган кызматка Сапарбаев "Ар-намыс" фракциясынын сунушу менен дайындалган. Жакында аталган фракция Э.Сапарбаевдин ишин "канааттандырарлык эмес" деп таап, аны чакыртып алуу чечимине келген. Бошогон орунга "ар-намысчы" депутат Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиевдин барары тууралуу сөздөр чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан