7-февралда президент Алмазбек Атамбаев “Ички аудит жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алган бул мыйзам ички аудит кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жана ички аудит кызматы жок болгон ички аудит мекемесинин жетекчисинин укуктарын жана милдеттерин так ажыратууну карайт. Ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчисинин милдеттерин кеңейтет, ички аудит боюнча кеңештин статусу жогорулайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.