Президент Алмазбек Атамбаев “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган бул мыйзам КРнын Конституциясына, башка мыйзам актыларына шайкеш келтирүү, товардык белгиге карата өзгөчө укуктардын күрөө укугу тууралуу жобону бекитет.
Мыйзамда жалпыга белгилүү товардык белги түшүнүгү киргизилет, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону камсыз кылган жоболор жөнгө салынат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.