“Эл ичинде “депутаттардын баары бай адамдар” деген түшүнүк бар, бул туура эмес”,- деп билдирди 8-февралда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Айтымында, депутаттардын арасында бизнеси жок, айлык менен жашагандары деле бар.
“Айрымдар менден акчалай жардам сурашат. Мен аларга бизнесим жок экенин айтам, шарт болгондо жардам бергенге аракет кылам. Эгер юридикалык жана башка жардамга муктаж жарандар кайрылса, колумдан келген жардамды берүүгө даярмын”,- деди Бекешев.
Депутат өзүнө мамлекеттик жумушта иштөө жага турганын кошумчалады.