Ош шаарын өнүктүрүүдө шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматов көп иштерди жасаганын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгиледи. “Тайырбек Сарпашев акыркы жылдары Ош шаарын өнүктүрүү жана шаардыктардын жашоосун жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылганын белгиледи”,- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. Айта кетсек, 7-февралда Ош шаардык мэриясында коллегиялык жыйынга катышкан вице-премьер буларды кошумчалады:
“Муну менен бирге Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, экономикалык жана билим берүү дареметин жогорулатуу боюнча жетекчилик алдында чоң милдеттер бар. Өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуусу керек. Бул үчүн инвесторлор менен активдүү жана тыгыз иш алып баруу менен бирге калкты да унутпоо зарыл. Ош – көп улуттуу шаар, улуттар аралык биримдикти сактоо - тургундардын жеңиши”.