Бүгүн, 10-февралда Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 12:00гө чейин Панфилов районунун Вознесеновка айылында, 11:00 жана 16:00 аралыгында Аламүдүн районунун Лебединовка, Чыгыш айылдарында, ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу, Тогуз-Булак, Ичке-Суу, Таш-Башат, Үч-Эмчек, Норус айылдарында жарык өчөт.