8-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №2-Достук аймактык кеңешинин жана №10-Курманжан датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Алгач Достук аймактык кеңешинин тургундары менен №17-Гагарин орто мектебинде башталды. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэр Ильяз Ражапов жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Келген элдин көпчүлүгү жылуулук, суу, жол маселелерин чечип берүүсүн өтүнүштү. Шаар башчы өз сөзүндө “элдин турмушун жеңилдетүү - биздин милдет” деп билдирди. Ошондой эле шаар тургундарынан шаарга аяр мамиле жасоону өтүндү.