Осмонбек Артыкбаев: “Быйыл электр энергиясын колдонуу 15 пайызга өстү, мындай тарыхта болгон эмес”
“Быйылкы кыш мезгили
биз үчүн татаал болду, мындай көрсөткүч тарыхта болгон эмес”,- деди энергетика жана өнөр жай министри
Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 10-февралда министрликтеги коллегиялык жыйында.
Айтымында, быйыл электр энергиясын колдонуу 15 пайызга өстү.
“Электр энергиясын
колдонуунун суткалык максималдуу көрсөткүчү 71,5 миллион киловатт-саатты түздү.
Бишкек ЖЭБиндеги кошумча от казандарды иштетүүгө мажбур болдук”,- дейт министр.